7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны болуп өттү

585

Кыргыз Республикасынын президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) төрагасы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 27-майда, видеоконференция форматында ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Иш-чара Беларус Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда өттү. Байкоочу өлкө лидерлери катары Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышып, ал эми Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель видеокайрылуу жасады.

Кеңейтилген жана чакан курамдагы жыйында ЕАЭБдин 2022-2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, 2021-жылы ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин жыйынтыгы, ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын ишке ашуусу жана башка актуалдуу маселелер каралды.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы менен Биримдиктин мүчө өлкөлөрүнүн евразиялык интеграциясын тереңдетүүгө жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586