7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттык сактоо министри жабыркаган сузактык кызга операция жасоого катышты

466

Бүгүн, 4-майда 2015-жылы туулган бейтап Ю.А.нын баш сөөгүнүн сынуусунан улам операция жасалып, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка адистер менен бирге катышты.

Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланат. Калган бейтаптардын абалы алган жаракаттарынын оордугуна туура келет, адистер менен бардык консультациялар өткөрүлдү. Бардык жабырлануучулар компьютердик томографиядан жана зарылчылыкка жараша лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, бардыгына тиешелүү дары-дармектер берилди.

Калган жабырлануучулар көрсөтмөгө жараша пландуу операцияларга алынат.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында 9 бала дарылануусун улантууда, алардын абалы туруктуу. Бир бейтап канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга чыгарылган.

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

467