Саламаттык сактоо министрлиги беткап тагынуу эрежесин сактоону сунуштайт. Бул тууралуу коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча штабдын кезектеги жыйынында айтылды.
Штабдын жыйынынын жүрүшүндө республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле калкты эмдөөнүн жүрүшү каралды.
Мекеменин өкүлдөрү белгилегендей, азыркы тапта коронавирус инфекциясын жугузуу учурларынын саны кыскарууда. Буга карабай, ведомство жарандарга адамдар көп топтолгон жерлерде беткап тагынуу эрежесин сактоону сунуштайт.