7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самара Каримова Оштогу окуу жайдын мугалимдерине карата арыз жазды

390

Ырчы Самара Каримованын арызынын негизинде Ош шаарындагы Ниязаалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын мугалимдери шаардык милицияга суракка чакыртылганы айтылууда. Бул маалыматты аталган окуу жайда иштеген кызматкерлер тастыктады.

Маалыматка караганда, арыз Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 167-беренесинин (сот чечимин аткарбоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга кайрадан жетекчи болду. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык окуу жайга 2018-жылдын октябрь айында директор болуп дайындалып, эки күндөн кийин ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен иштен алынган.

Каримова бул чечим үчүн министрликти сотко берип, утуп алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

391