7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайра шайлоо дайындалган 3 шаарда талапкерлерди каттоо токтоду, кайсы партиялар ат салышат?

1116

Кечээ, 13- июнь кайра шайлоо дайындалган 3 шаарда, талапкерлерди көрсөтүү убактысы аяктады. Алдыдагы 5 күн ичинде БКШ тарабынан тизме жана документтер такталып, 20-июндан үгүт ишине старт берилет. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Ош шаарында өткөн жыйында билдирди.

«Кайталап шайлоонун эрежелери бар. Эгер талапкер мурдагы шайлоодо мыйзам бузууларга катыштыгы болсо, шайлоого катышуу укугунан ажырайт. Берилген тизмеде мурда ар кандай бузууларга барган талапкерлер да жүргөндүгүн байкап жатабыз.  Анын баары, сөзсүз түрдө каралат, аймактык шайлоо комиссиясы аларга керектүү чечим кабыл алат«, -деди Шайлдабекова.

Белгилүү болгондой Бишкек шаардык кеңешине 17, Ош шаарында 9, Токмок шаарында 6 партия, шайлоого  катышуу ниетин билдирген.

Бишкек шаардык кеңешине:

  • «Ата-Журт Кыргызстан»;
  • «Эмгек»;
  • «Туран»;
  • «Келечек-Будущее»;
  • «Реформа»;
  • «Өнүгүү-Прогресс»;
  • «Биздин Кыргызстан»;
  • «Биздин Эл»;
  • «Столица»;
  • «Замандаш»;
  • «Ынтымак»;
  • «Күч бирдикте»;
  • «Жаңы-Мезгил»;
  • «Социал-демократтар»;
  • «Ишеним»;
  • «Улуу Журт»;
  • «Жашылдар» партиясы.

Ош шаардык кеңешине:

  • «Ынтымак»;
  • «Улуу Журт»;
  • «Бир бол»;
  • «Биздин Кыргызстан»;
  • «Бүтүн Кыргызстан»;
  • «Ата-Журт Кыргызстан»;
  • «Улуттар биримдиги»;
  • «Келечек-Будущее»;
  • «Нур».

Токмок шаардык кеңешине:

  • «Эл биримдиги»;
  • «Бирге-Вместе»;
  • «Эмгек»;
  • «Патриот ынтымагы»;
  • «Асыл Мурас жаштары»;
  • «Ата-Журт Кыргызстан».

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1117