7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Шайлоо күнү жана шайлоодон кийин коомдук тартип сакталсын». Жапаров Ички иштер министрлигине тапшырма берди

791

Садыр Жапаров КРнын Ички иштер министрлигине тапшырма берди. Бул тууралуу президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү жана шайлоодон кийинки мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлсүн;

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн коопсуздугу камсыз кылынсын;

Коомдук коопсуздукту сактоо максатында мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын алкагында көз карандысыз жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө кызыкдар болбогон жактардын деструктивдүү жана терс ички жана тышкы таасир этүүсүн жана кийлигишүүсүн болтурбоого багытталган чаралардын комплекси ишке ашырылсын»,-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

792