7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырган топ кармалды

914

Шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аныкталган адамдарга карата УКМК тарабынан Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга даярдануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.

Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып, Бишкек шаарынын аймагында кырдаалды курчутуу менен массалык нааразылык акцияларын, укук тартибин сактоочу күчтөр менен кагылышууларды уюштуруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталган.

Бул максатта кылмыштуу топ, бийликти күч менен басып алууга түрткү болуу үчүн, 1000ге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразылык акцияларын уюштурууга топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык мамиле жасоо багытында системалуу жолугушуулар өткөрүлүп, массалык баш аламандыктарды чыгаруу пландары талкууланган
Аталган топтун кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу максатында, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында КР УКМК жана ИИМ тарабынан активдүү катышуучулардын жашаган жеринде жана алар ижарага алышкан кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документалдык материалдардан тышкары ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана баңги заттары табылып алынган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы жана тергөө учурунда алынган төгүндөлгүс далилдердин негизинде, аталган адамдардын тобунун 15тен ашык активдүү мүчөлөрүн кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынды.

Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып, жогоруда аталган кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын аракеттерине да тиешелүү юридикалык баа берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

915