7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоочулар 29-декабарга чейин өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат

164

Шайлоочулар 29-декабарга чейин өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын октябрында болгон шайлоого салыштырганда, шайлоочулардын саны 20 миң 849 адамга, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого караганда 264 миң 473 шайлоочуга, 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого салыштырмалуу 762 миң 257 шайлоочуга көбөйгөн.
«Шайлоочулардын санынын көбөйүшү, калктын санынын өскөнүнө, биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча туруктуу иштерге, шайлоочулардын тизмесинин инклюзивдүүлүгүн көбөйтүү боюнча башка чаралардан улам, ошондой эле чет мамлекеттердеги жарандардын уюмдары менен иштешүүлөргө байланыштуу», — деп берилет маалыматта.


2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрынын кечине чейин жарандар өздөрүн алдын ала тизмелерден текшере алышат. Текшерүү үчүн шайлоо участогуна барып, же «Тизме» — https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын порталынан текшерип жана 119 номерине чалуу менен (119 номерине жеке ПИН номериңизди СМС аркылуу жиберип, сиз шайлоо участогуңуздун номерин жана дареги) биле аласыз.

Эгер кандайдыр бир ката же так эместик кеткен болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, жарандар 2020-жылдын 29-декабрынын кечине чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өзгөртүү киргизүү же шайлоочулардын тизмесине киргизүү (мурдагы № 1 формасы), паспорттун (ID – картты) көчүрмөсүн көрсөтүү менен, кабыл алынган үлгүдөгү арызды жазып кайрыла алышат.


Ал эми добуш берүү күнүндө Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган же жүргөн жарандар 29-декабрдын кечине чейин чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге арыз жазып ага паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен, чет өлкөдөгү шайлоо участогунда добуш берүү каалоосун билдирип кайрыла алышат. Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде консулдук каттоодо турган, биометрикалык маалыматын берген жарандар чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.


Жогорудагы арыздарды берүү менен шайлоочулар биометрикалык идентификациялоодон өтүшөт. Ошондой эле “Тизме” порталындагы шайлоочунун кабинети аркылуу авторизациялоодон өтүү менен, арызды электрондук форматта берүүгө да болот.


Биометрикалык каттоо жок болгон учурда Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелеринен, калкты тейлөө борборлору (ЦОН) аркылуу, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана консулдуктары аркылуу андан өтүүгө болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

165