7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайырбек Абдырахман: «Манастагы» көп көрүнүш Карл Юнгдун психологиялык окуусуна туура келет

481

Шайырбек Абдырахман: «Манастагы» кырк чорону – Манастын өзүнүн кырк башка мүнөзү деп чечмелесе болот. Ар башка учурда Манас ал чоролордун ар башкасын колдонот – маселени күч менен чечүү мүмкүн болсо, Манас ал жакка Чубакты жиберет, дипломатия талап болсо, андай сүйлөшүүнү Ажыбай мыкты жүргүзө алат, башка хандар Манаска каршы кутум уюштуруп жатса, Манастын тапшырмасы менен аларды бир-бири менен Кыргылчал уруштуруп салып, чыңалууну жоёт.

Карл Густав Юнгдун психология теориясында – ар бир адамда «инь» жана «ян», «ак» жана «кара», «эркек» жана «аялдын» көрөңгөсү бар деп айтылат. Кыргызда: «Атаны көргөн ок жонот, энени көргөн тон бычат», – деген сөз бар. Манас дагы кээде «ок жонуп» баатырлык кылат, кээде болсо «тон бычып» акыл калчайт жана алысты көздөгөн стратегиялык план түзөт, эки мүнөз тең анда айкалышып турат. Жалпысынан алганда, «Манас» – бул кыргыз элинин турмушунун баардык жактарын камтыган энциклопедия…

482