7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кышты күтпөй, көмүрдү азыртан камдап алыңыз! Бир жумада 2 миң тоннага жакын көмүр сатылды

187

Бир жумада 2 миң тоннага жакын көмүр сатылды. Бул туралуу Кыргызкөмүрдүн маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык кышкыга азыртан даярданып көмүр сатып алып жаткандардын саны арбын болууда. Мисалга алсак акыркы бир жумада Чүй облусунда жана Бишкек шаарында 2000 тоннага жакын көмүр сатылды. Анын ичинен 264 тоннасы Ысык-Көл облусунда сатылганын кабарланат.

Бул көрсөткүч жарандардын жылытуу мезгилине алдын ала даярданып, көмүрдү суроо-талап күчөгөн мезгилге калтырбай сатып ала баштаганын көрсөтөт. Кышты күтүп, кезекке туруп калуунун кереги жок. Көмүрдү азыртан камдап алуу — убакытты да, түйшүктү да үнөмдөйт.

Көмүр сатылган базалардын даректерин жана байланыш номерлерин 2GIS тиркемесинен, ошондой эле «Кыргызкөмүр» ААКтын расмий Instagram жана Facebook баракчаларынан таба аласыз.

 

188