Шар аккан каналдан кичинекей кызды куткарып калган калаа тургуну Залкарбек Сулайманов сыйланды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов кызды аман алып калган кишиге мэриянын Ардак грамотасын берди.
Эскерте кетсек, окуя 10-июнда Аламүдүн-1 кичирайонунда болгон. Анда шар аккан каналга түшүп кеткен кызды ошол жактан өтүп бараткан киши сактап калган.