7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылгыла! 30-сентябрда Россиядагы мигранттарга болгон жеңилдиктер аяктайт

927

2021-жылдын 30-сентябрында Россиянын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «миграциялык жеңилдиктер» жөнүндөгү мөөнөттөр аяктайт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, РФнын аймагында каттоонун жоктугунун себептерин түшүндүрүү менен мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын арыздарын кабыл алууну токтотушат.

Андыктан, министрлик КРнын жарандарынан 2021-жылдын 30-сентябрына чейин РФнын аймагында болууну мыйзамдаштырууну жана бардык зарыл болгон жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткарууну дагы бир жолу суранат.

Ошону менен бирге, 2021-жылдын 30-сентябрына чейин, мурда башка бир максат менен келген КРнын жарандары арызда РФнын аймагында жүрүүсүнүн жаңы/чыныгы максатын көрсөтө аларын эске салабыз.

Ошондой эле, жарандарыбыз миграциялык каттоого кайрылууда жумуш берүүчү менен расмий эмгек келишимин түзүүсү керектигин белгилейбиз. Жок болсо, полиция административдик айып салуу түрүндө чараларды колдонот.

Чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде администрациялык укук бузуулары бар КРнын жарандары, талап кылынган айыптарды төлөөгө милдеттүү.

Буга чейин 2 ден ашык административдик укук бузуулар катталган, ошондой эле окуудан чыгаруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган адамдар 2021-жылдын 30-сентябрына чейин өз ыктыяры менен Россия Федерациясынын аймагынан чыгып кетиши керек.

2020-жылдын 15-мартына чейин кеткен жана Россиянын аймагында болбогон чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде убактылуу жашап турууга (РВП) же жашоого уруксаты бар (ВНЖ) КРнын жарандары,

2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, бул өлкөдө болуу мөөнөтүн узарта алышат.

Жогоруда көрсөтүлгөн күнгө, башкача айтканда 2021-жылдын 30-сентябрына чейин чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде КРнын жарандарына карата төмөнкү чечимдер кабыл алынбасын эскертет:

— Россия Федерациясынан административдик түрдө чыгаруу жөнүндө;

— РФнын аймагынан депортациялоо;

— РФга кирүүгө тыюу салуу;

— РФда убактылуу болуусун кыскартуу.

Ошондой эле, Россия Федерациясынын Президентинин Жарлыгына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн чараларды колдонбоо төмөндөгү категориядагы чет элдиктерге жана жарандыгы жок адамдарга карата жайылтылбайт:

— эркинен ажыратуу мекемелеринен бошотулуп жаткандарга;

— или нарушивших законодательство о государственной границе Российской Федерации,

— же болбосо РФнын мамлекеттик чек ара жөнүндөгү мыйзамдарын бузгандарга;

— же болбосо РФнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткандарга, анын ичинде РФнын конституциялык түзүлүш негиздерин күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттерди жактагандарга, же болбосо террордук (экстремисттик) актыларды жасоого көмөктөшкөндөргө, же аларды жасагандарга, ошого тете террордук (экстремисттик) ишмердүүлүктү башка аракеттер аркылуу колдогондорго;

— же болбосо коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка кол салгандарга, анын ичинде санкцияланбаган (бийлик органдарынын уруксатысыз) жыйналыш, митинг, демонстрация, жөө жүрүш же пикетке чыккандарга.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

928