Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президенттикке талапкерлигин койду. Аны Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы талапкер катары бекиткен.
Ал эми президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт.
Мирзиёев мындай сунушту өкмөтчүл партиянын 9-сентябрда өткөн курултайында кабыл алды.
Ал эгер экинчи мөөнөткө шайланып калса, келечекте бир катар социалдык, экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзөрүн айтты. Ар бир үйгө жогорку ылдамдыктагы интернет киргизүүнү, ички дүң жыйымдын киши башына үлүшүн 1700 доллардан 4 миң долларга чейин чыгарууну, журналисттерди коргоого алууну убада кылды.