«Садыр иним, бир учурда Өзүң мага телефондон айттың эле…»Жылдыз эже, Орозайым мен үчүн, менин үй-бүлөм үчүн көптөгөн жакшылыктарды жасады, унутпайм»-деп.Эмнегедир, Садыр Сага жакшылык кылгандар «ыдык», «кордук» көрүп жатышат, ал эми Сени «каматкандар» төрүңдө олтуруп, бийлик бутактарына барышып, «чардап» жатышат. Мындай көрүнүштөрдү кандай түшүнсө болот?Коомдо дагы бир, жаман «илдет» орноло баштады, «колдогон киши, кордолот»-экен деген.Биздин өлкө, демократиялуу өлкө… эстеп көрсөң, Өзүң убагында бийликке кандай «ачуу» сөздөрдү айтат элең. Чындыкты көтөрө бил, чындыкты айткан кишиден коркпо, кошоматчылардан, хамелеондордон корк.Энесин, агасын жоготуп, кан жутуп турган «кыз» балага, эркек жигиттер жылуу сөз айтып, колдош керек. Анткени, аял кишинин жан дүйнөсү өзгөчө, аярлуу…Кандай оор «груз 200″… Орозайым үчүн, бир тууганын Россиядан алып келип, жерге берүү. Элестетип көргүлөчү…Мен ишенип турайын, «Орозайымды, чыркыратып кармап, камагыла»-деген буйрукту Садыр Жапаров берген жок деп…анткени Садыр өзү боорукер инсан.
Садыр иним сага жакшылык кылгандар»кордук» көрүп, ал эми сени «каматкандар» төрүңдө олтуруп, бийлик бутактарына барышып, «чардап» жатышат. Мындай пикирди ЖКнын мурдагы депутаты, Курманжан-Датка коомдук фондунун жетекчиси Жылдызкан Жолдошева, бүгүн күч түзүмдөрү тарабынан кармалган жаш активист Орозайым Нарматова кармалгандан кийин билдирди.