Бүгүн, 26-октябрда Бишкекте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча 14 документке кол коюлду.
- ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар (премьер-министрлер) кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;
 - ШКУ катчылыгынын ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер жөнүндө отчёту тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин (ӨБК) чечими;
 - 2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча ШКУнун каржылык отчёту тууралуу өкмө башчылар кеңешинин чечими;
 - ШКУнун 2024-жылга бюджети жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
 - ШКУнун каржылык эрежелери жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
 - ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын эмгек акысы, кепилдиктери жана кенемтелери жөнүндө Жобо тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
 - ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы аудиторлор комиссиясынын ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын каржылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча баяндамасы тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
 - ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) кызматташуу Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими (Ташкент шаары, 2019-жылдын 2-ноябры);
 - ШКУ Катчылыгынын штаттык расписаниеси боюнча өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
 - ШКУнун аймактык-антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин штаттык расписаниеси жөнүндө чечим;
 - ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучулардын санариптик жолугушуусунун Концепциясы боюнча өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
 - 2017-жылдын 1-декабрындагы ШКУнун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
 - ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун санариптик соода чөйрөсүндө кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси (кол коюусуз кабыл алынган);
 - 2024-жылы ШКУда «Экология жылын» өткөрүү боюнча иш-чаралар планы.
 



