7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Швециянын мектебинде ок атылып, 10 адам каза болду

398

Швециянын Эребру шаарындагы Campus Risbergska мектебинде ок атылып, 10 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Окуя 4-февраль күнү күндүз, чоңдор окуп жатканда болгон. Учурда полиция кырсыктан көз жумгандардын аты-жөнүн тактап жатат.

«Жабыр тарткандардын так саны азырынча белгисиз. Буга чейин беш киши жарадар болгону айтылган. Каргаша болгон жерде куткаруучулар менен тез жардам кызматкерлери иштеп жатат. Тургундарга үйдөн чыкпай туруу сунушталды»,— деп берилет маалыматта.

Өлкөнүн королу Карл XVI Густав да жабыр тарткандарга көңүл айтып, полицияга, куткаруу кызматына жана дарыгерлерге ыраазычылык билдирген.

 

399