Бишкек шаарынын аймагында 25-декабрдан 31-декабрга чейинки аралыкта Патрулдук милиция кызматы тарабынан 5 миң 350 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу борбор калаанын Кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 67 айдоочу мас абалында, 24 айдоочу айнектерин тонировка кылганы үчүн токтотулган, ал эми 91 айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок болгон. Башка мыйзам бузуулар үчүн 5 миң 168 айдоочу токтотулган.
Натыйжада 376 унаа айып аянтчасына токтотулган.
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жарандардан жол коопсуздугун сактоону суранат.