7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта мушташтан 9-класстын окуучусу каза болду

565

Сокулук районунда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө 16 жаштагы бала шектелүүдө. Бул тууралуу 7-каналга Чүй облустук милициясы билдирди.

Өспүрүмдүн өлүмү боюнча маалымат милицияга 5-сентябрда түшкөн. Бул факт электрондук журналга катталып, текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук райондук милициясында көз жумган баланын классташтары сурак беришкен.

Анда ошол эле күнү Комсомол айылында 9-класстын окуучуларын 16 жаштагы бала чогултуп, Э.А. аттуу баланы ичке чапканы айтылат. Ал окуучу өзүн жаман сезип, көз жумганы белгилүү болгон.

«Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголуп, кылмышка шектелип 16 жаштагы бала кармалган. Тергөөдө кылмыш иши 130-беренеге («Ден соолукка оор залал келтирүү») өзгөртүлүп, эки айга камакка алынган.

Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.

566