Бишкек-Ош автоунаа жолунда Арал, Сосновка постторунда, Өтмөк ашуусуна жакын жайгашкан Талас районунун Осмонкул айыл аймагында жана Бишкек – Токмок автоунаа жолунун боюнда, Кант шаарында жарандар үчүн жылынуучу, тамактануучу пункттар уюштурулду.
ӨКМ билдиргендей, ушундай эле пункттар Бишкек, Ош шаарларында муктаж жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар жергиликтүү бийилик тарабынан уюштурулган.
Тагыраак айтканда, Ош шаарында бир пункт, Бишкек шаарында 4 пункт иштеп жатат.
Мындан сырткары Бишкек шаарынын Свердлов районунда 2, Ленин районунда 3, Биринчи май районунда 1 жана Октябрь районунда 3 чатыр тигилип, жылынуучу пункттар уюштурулууда.