7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот Алмазбек Атамбаевди абакта калтыруу өкүмүн чыгарды

389

Бүгүн, 4-январда, Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди абакта калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди.


Жактоочу Батукаев боюнча Атамбаевге чыккан өкүм жокко чыккандан кийин ал үй камагына чыгышы керектигин айтат.


«7-декабрда Биринчи май райондук сотунун судьясы жактоочулардын катышуусуз Атамбаевди УКМКнын абагында кармоо боюнча чечим чыгарган. Биз райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанганбыз. Бирок бүгүн шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып койду», — деди Жоошев.


Жактоочу, ошондой эле, Атамбаев жаңы жылдын алдында ден соолугу начарлап № 47 абакка которулганын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

390