7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясына жаңы башчы дайындалды

591

Нурланбек Исмаилов Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын башчысы болуп төрт жылга дайындалды. Бул тууралуу мамлекеттик агенттик билдирди.

Мурунку директор Жоомарт Шамканов өз каалоосу менен арызын жазып, кызматтан кеткен. Ал аталган кызматта 2018-жылдын январь айынан бери иштеп келген.

Нурланбек Исмаилов 1980-жылы 14-сентябрда Нарын облусунда туулган. Жогорку билимдин ээси.

2005-2007 — вице-президент — КРнын Күрөш федерациясынын грек-рим күрөшү бюросунун мүчөсү;
2007-2009 — «New York Athletic Club» спорт клубунун грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу (Нью-Йорк);
2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин — Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын вице-президенти, спорттун ушул түрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын куратору.

Кыргызстандын беш жолку чемпиону, Азия чемпионатынын байгесинин ээси. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча мыкты машыктыруучу деп табылган. 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн UWW Дүйнө чемпиондугунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592