7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  

Курсы валют:

84,50
USD –0,06%
102,95
EUR +0,11%
1,18
RUB +0,66%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
23°C

Чет өлкөдө каза болгон мигранттардын чыгымындарын мамлекет көтөрмөй болду

264

Чет өлкөдө каза болгон мигранттардын чыгымындарын мамлекет көтөрмөй болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Президенттин “Чет өлкөлөрдө каза болгон кыргыз жарандарынын сөөктөрүн Кыргыз Республикасына алып келүү тартиби жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө” токтом кабыл алгандыгын эскертет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги No 169 “Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып келүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун кабыл алган.

Бул токтом менен Тышкы иштер министрлигин алдындагы миграция департаментинин Маалыматтык-консультациялык борбордо Кыргыз Республикасынын аймагындагы маркумдун жакын туугандары тарабынан сөөктөрдү (жүк-200) алып келүү чыгымдары үчүн бир жолку төлөмдү алуу мүмкүнчүлүгү бар. Жарандар ТИМдин алдындагы жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелерге кайрыла алышат.

Бир жолку төлөмдү алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:

1. Арыз;
2. Алуучунун паспортунун көчүрмөсү;
3. Мамилени тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (нике күбөлүгү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);
4. Консулдук легалдаштыруу белгиси коюлган же апостиль коюлган өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн же өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

265