7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов окуучуларды окуу жылынын аякташы менен куттуктады

1300

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов окуучуларды окуу жылынын аякташы менен куттуктады. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

«Кымбаттуу окуучулар жана бүтүрүүчүлөр! Силерди жашооңуздардагы мыкты жана кубанычтуу окуя – «Акыркы коңгуроо» майрамыңыздар менен чын ниеттен куттуктайм!
Бул күн – мектеп окуучулары үчүн окуу жылынын аякташын, ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн мектеп менен коштошуу жана жашоодогу жаңы баскычка кадам таштаган эсте калаарлык маанилүү учур.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу окуу процесси бир катар кыйынчылыктарга кездешти.

Мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелер үчүн да жөнөкөй болгон жок. Биз аралыктан окутуунун татаалдыгын сездик. Андыктан, биринчи кезекте мугалимдерге пандемия шартындагы берилип иштеген эмгеги, ошондой эле окуучуларга жана ата-энелерге чыдамдуулугу жана колдоо көрсөтүүсү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Ушул кубанычтуу күнү жалпыңыздарга чоң жашоо агымына аралашууда ак жол каалап кетким келет! Учурдагы көп кырдуу дүйнөдө силер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр ачык! Сөзсүз түрдө кыялыңардагы кесиптин ээси болуп, келечекте жалпыга кызмат кылчу жаңы билим-илимге ээ болуңуздар. Өзүңүздөргө терең ишенип, бийик максаттарга умтулуңуздар!
Дал ушул силерден жана силердин күч-аракетиңерден өлкөнүн эртеңки келечеги көз каранды!
Ак жол силерге, кымбаттуу бүтүрүүчүлөр! Каникулуңар кызыктуу жана пайдалуу өтсүн, кымбатуу мектеп окуучулары!», — деп жазылат куттуктоо сөзүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1301