7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султанбаев: “Алтын кен” компаниясы 84 кг алтынды салыктан жашыралы — деп ойлошкон”

783

УКМК 17-апрелде “Ак-Жол” чек ара пунктунан Чүйдөгү ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан унаадан тиешелүү документтери жок, салмагы 84 килограммга жакын алтынды кармаганы тууралуу маалымат таратты. Жаңылык желдей тарап, 300 млн. сомдук алтындын кармалышы кырнет колдонуучуларынын да бүйүрүн кызытты. Негизи эле Кыргызстанда алтын темасы түз эле Кумтөрдү элестетет эмеспи. «Кабар» агенттиги президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевге кайрылып, окуянын чоо-жайын тактап көрдү.

— Кечээ жакында эле Кыргызстанга 84 килограмм алтын алып кирүү аракетин көргөндөр кармалганы кабарланды. Соцтармактарда айрымдар «өлкөдөн алтындар чыгарылып жаткан турбайбы» деген өңүттө да жазып ийишти. Ушул боюнча укук коргоо органдары маалымат бериштиби? Эмне болгон алтындар, дегиле жалпы чоо-жайын айтып берсеңиз?

 

— Ооба, 84 кг алтынды «Ак жол» чек ара постунан алып кирип келе жаткан жеринен «Алтын кен» компаниясы кармалды. Бул эмне алтын экенин чечмелеп берейин. Бизде республика боюнча майда-чүйдөсү менен болуп 100дөн ашык компания алтын казышат. Алардын көпчүлүгү руданы же концентраттарды Кытайга же Казакстанга алып барып, кайра иштетип, алтынын бөлүп алып келишет. Себеби бизде айрым металлдардан алтынды бөлүп чыгаруучу заводубуз жок. Ошол үчүн илгертен бери эле чет өлкөлөргө алып барып, алтынын бөлүп келгенге буларга мыйзам менен уруксат бериптирбиз.

Эсиңиздерде болсо жаңы жыл алдында, былтыр декабрь айы болсо керек эле, Президентибиз Кара-Балтадагы заводго барып, баарын көрүп чыгып, тиешелүү министрликтерге тапшырма берген. 2023-жылдын 1-майынан баштап бир кг руда, 1 кг концентрат чет жакка чыкпасын, өзүбүздө кайра иштетилип, даяр продукция гана чыгыш керек деп Жарлык дагы чыгарып берген. Тилекке каршы, өзүбүз даяр болбой калып, ал Жарлык 31-декабрга чейин узартылды. Эмнеге даяр болбой калдык? Себеби завод салып үлгүрбөй жатабыз. Ал заводду 6 айда салып коюш кыйын экен. Анын үстүнө бул ишке бюджеттен акча каражат жагы каралган эмес. Президентибиз күч менен эле жылдырып кетип бара жатат.

Эми 84 кг алтынга кайталы. Бул жерде 84 кг алтынды жашыралы деген эмес. Салыктан жашыралы деп ойлошкон деген пикирге келип атабыз. Анткени булар алтынды алып кирип келе жатканда салыкчыларга учетко коюп, 60 млн сомдун тегерегинде салык төлөшү керек эле. Ошону төлөбөй алып кирип келе жатып кармалышты. Кээ бирөөлөр бул окуяны «алтын чыгарып кетип жатып кармалышты» деп бурмалап жатышат, андай эмес. Руда менен концентраттар чыгып жатканда дагы канча тонна чыгып жатканы көзөмөлгө алынат. Ошонун курамынан болжол менен канча алтын чыгыш керек экени дагы лабораториядан өтөт, анан алып кетишет. Кайра ошол алтын бизге келип, салыгы төлөнүп, андан кийин анан кайра чыгарып кетишсе болот. Мыйзамдуу жол-жобосу ошондой. Кудай буюрса, 31-декабрга чейин өзүбүз салып жаткан завод бүтсө, андан кийин баары өзүбүздө кайра иштетилет. Килейген «Кумтөрдү» алган президентибиз ушул майда-чүйдө ишти аягына чыкпай коймок беле. Кудай деп туралы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784