Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Мурас-Ордо конушундагы көлмөнүн ээлери болуп жаткан кырсыктарга жооп бериши керектигин айтты.
«Көлмөнүн ээлери качып жүрөбү же мамлекетти тоготпой жүрөбү? Алар эл менен жолугуп, бир жыйынтык чыгарыш керек да!»,- деди ал.
Эскерте кетсек, 2-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 жаш бала музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткен. Үчөө жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Калган 2 жаш баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылган.