7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сурабалдиева: Бардык медициналык мекемелердеги коопсуздукту күчтөндүрүү зарыл

281

Бардык медициналык мекемелердеги коопсуздукту камсыздоо боюнча, өзгөчө, медициналык жана көмөкчү жабдуулардын техникалык абалын текшерүү жаатындагы ишти күчтөндүрүү зарыл. Биз чет өлкөдөгү ооруканалардын бириндеги кычкылтек аппаратынын бузулуусунан улам орун алган жарылуу сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусуна жол бербөө боюнча алдын алуу чараларын кабыл алуубуз керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.


«Ар бир жетекчиге медициналык кызматкерлердин инструктажы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлөт», — деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.


Андан соң кеңешменини жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалыматы угулду.


Белгиленгенедей, COVAX (вакциналар боюнча глобалдык альянс) глобалдык демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасы тараптан коронавирус инфекциясына каршы 1 млн 200 миң доза вакцина алууга билдирме берилген жана ал жактырылган. Натыйжада, Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган вакциналар алынган соң, өлкөнүн 20% ашуун калкын вакцинациялай алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

282