7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суракматов тергөө менен келишим түзүп, 150 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

704

Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түздү. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов тергөө менен кызматташуу жөнүндө процесстик келишге кол койгон. Ага ылайык, Бишкек шаарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактыларын моюндап,  келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн сомдун 150 миллионун кайтарып берген.

А.Суракматовдун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, камакка алуу түрүндө тандалган баш коргоо чарасы,  кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин сыртка чыкпоо чарасына алмаштырылган.

Калган чыгымдарды төлөө графиг боюнча А. Суракматов тарабынан төлөнүп берилет. Кылмыш иши боюнча, бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

705