7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак: Тамак аштан ууланууга шектелип 70тей жаран ооруканага кайрылды

1686

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-аштан ууланууга шектелип 70тей жаран ооруканага кайрылды. Бул тууралуу 7-каналдын аймактык кабарчысы Бүбүсара Орозалиева жеринен кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сузак жалпы дарыгерлик практика борборунун Бек-Абаддагы жугуштуу оорулар бөлүмүнө жарандар 11-октябрдын түнүнөн тартып кайрыла баштаган. Учурда ооруканада 13 бейтап жаткырылды. Алардын 4ү жаш балдар, арасында кош бойлуу аял да бар.

Бейтаптардын айтымында алар жылкы этинен ууланышы мүмкүн. Маалым болгондой 10-октябрда Сузак районунун Бек-Абад айылында сүннөт той өткөн. Анда жылкы союлуп, эти ашка, шорпого кошулган. Аны ичкендердин басымдуусу ооруканага кайрылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1687