7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта “Йакын инкар” агымынын активдүү мүчөлөрү кармалды

758

28-ноябрда Жалал-Абаддагы “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган ячейканын мүчөлөрү Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу жана таратуу боюнча иш алып барышып, КМДБдан эч кандай тиешелүү уруксаат албастан миссионердик иштерди жүргүзүп келишкени аныкталган. Ошондой эле, диний көз караштардан улам, алар светтик жашоону чанып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн өтүүгө жана башка медициналык процедураларга тыюу салышкан.

Бул адамдардын жашаган даректеринде тинтүүнүн натыйжасында “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымына тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

759