7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта милиция кызматкерлери пара алып жаткан учурунда кармалышты (видео)

818

Кечээ, 21-июнда  УКМК жана   ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак райондук ИИБ кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери 15 000 сом акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда кармалышты.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,К.А.А. жана Э.А.А. аттуу Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Сузак районунун жашочусун кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасашып, оң чечим чыгарып беребиз дешип 40 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 000 сомун мурда алышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча КР УКМК Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

819