7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулар. Окуянын чоо-жайы

673

Жалал-Абад облустук милициясы окуя бүгүн, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда болгонун билдирди. Алгач 102ге кабар берген милиционер балдарга бекер балмуздак таратууга келген 48 жаштагы киши унаасын өчүрбөстөн түшүп кеткенин айткан.

“Айдоочу көрсөтмөсүндө Porter унаасынан түшүп, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан балмуздакты кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айтты”, — деди милиция.

“Урааным Манас” иш-чарасына 3 миң окуучу катышканы белгилүү болгон.

Окуядан кийин жалпы 31 окуучу ооруканага кайрылып, 18и жаткырылган. Анын ичинен сынган жаракаттары бар төрт бала оор абалда реанимацияда. Калганы амбулатордук жардам алышкан.

Милиция ыкчам тергөө иштерин жүргүзүүдө.

674