7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сырттан келген бардык жемиштер текшерүүдөн өтөт

325
Соңку күндөрү социалдык тармактарда тарап жаткан,  сырттан келген картошкада жогорку деңгээлдеги нитраттар бар деген такталбаган маалыматтар, чындыкка дал келбейт.  Бул чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Мекеменин берген маалыматына ылайык, импорттолгон жер-жемиштерди,  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти сөзсүз түрдө фитосанитардык контролдон өткөрөт.
Адистер ар бир келген партияны (картошка) кылдат текшерип, фитосанитардык нормаларга шайкештигин камсыздайт. Бардык импорттук айыл чарба продукциясы лабораториялык анализден өтүп, коопсуздугу текшерилет. Фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн режимде иштеп, Кыргызстандын рыногуна коопсуз жана сапаттуу продукция гана киргизилет»,- деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, ошондой эле айыл чарба продукциялары базарга келип, аны элге сатуудан мурда Ветеринардык кызматтын адистери да ар бир жер-жемиштеги нитраттын өлчөмүн текшерет. Мисалы, картошканын курамында нитрат көбүрөөк болсо лабораторияга жиберилип, кошумча изилдөө жүргүзүлөт. Андай учурда картошканы элге сатууга тыюу салынат. Ошондуктан, жарандарды жалаң гана расмий булактарга ишенүүгө чакырабыз жана жалган маалыматтарды таратпоого үндөйбүз.

326