Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Бишкектеги май куюучу жайларды шаардын сыртына чыгарууну сунуштады. Ал бул боюнча токтом же мыйзам кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.
«Учурда Бишкекте 96 май куюучу жай бар. Административдик-аймактык реформа аяктагандан кийин 126 май куюучу жай болот экен. Ошолорду шаардын сыртына чыгарсак, ошондо абабыз таза болмок. Бардыгыбыздын ден соолугубузга зыян келтирбейт эле»,- деди Түмөнбаев.
Бул маселе боюнча тиешелүү комитеттерге протоколдук тапшырма жөнөтүлдү.