7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндүк Корея Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты

851

Түндүк Корея Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты. Бийлик өкүлдөрү чечимди спортчуларын COVID-19 коронавирус пандемиясынан сактап калуу аракети менен түшүндүрдү. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазып чыкты.

«Түндүк Корея бийлиги коронавируска байланыштуу спортчулардын ден-соолугуна кам көрүү максатында 32-Олимпиада оюндарына катышпай турууну чечти», — деп айтылат Спорт министрлигинин билдирүүсүндө.

Мындай чечим Кореянын Олимпиадалык комитетинин 25-мартта Пхеньянда өткөн жыйынында кабыл алынды.

Март айынын башында Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Токио Олимпиадасы Пхеньян менен диалогду калыбына келтирүүгө, ошондой эле Түндүк Кореянын АКШ жана Япония менен мамилесин калыбына келтирүүгө салым кошо алат деп билдирген.

Токиодогу Олимпиада оюндары пандемияга байланыштуу бир жылга жылдырылган, ал ушул жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөт. 2021-жылы март айында уюштуруучулар Олимпиадага башка өлкөлөрдөн келген күйөрмандарды киргизбөө чечимин кабыл алышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

852