7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндө кыргыз-тажик чек арасында 20 мүнөткө созулган ок атышуу болду

329

Бүгүн, 11-мартта болжол менен саат 02:50 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда кезектеги ок атышуу орун алган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдады.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Эски-Таш жерлигиндеги Баткен-Исфана унаа жолунун аймагында Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн унааларды таш бараңга ала башташкан. УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезметинин унааларга таш ыргытпоо талабын тажик чек арачылары этибарга алган эмес. Ал эми кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында аргасыздан эскертүү иретинде асманга ок атышкан.
Ошол эле учурда аталган жерликте кызматын өтөп жатышкан Тажикстандын башка чек ара кезмети кыргыз чек арачылары жайгашкан байкоо мунарасын көздөй ок атышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтеринин ортосунда 20 мүнөткө созулган ок атышуу орун алып, ок атышуу саат 03:10до токтогон. Кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон жок. Чыр-чатактын мындан ары күчөп кетпөөсүн алдын-алып Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, андан ары чыр-чатак орун алган жерде жолугушуусу пландаштырылды. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

330