Түркияда кайрадан үрөй учурган жер титирөө катталды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар жер титирөө учурундагы видеолорун социалдык тармактарга жүктөшүүдө.
Кадрларда, люстралар силкинип, шкафтар кыймылдап, чочуган адамдар үйлөрүнөн качып чыкканын көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, Жер Ортолук деңизинин, Түркиянын жээктерине жакын аймагында, күчү 6,1 баллга жеткен жер силкинүү орун алган. Силкинүүнүн күчү Анталия провинциясынын жашоочуларына да сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.