7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда каза болгон 23 жаштагы кыргызстандык кыздын сырдуу өлүмү

238

26-декабрда Түркиянын Анталья шаарына караштуу Муратпаша кичи районундагы батирлердин биринде каза болгон кыргызстандык кыздын сырдуу өлүмү иликтенүүдө. Бул тууралуу Түркиянын «Кабарлар» басма булагы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, кыргызстандык кыз ал батирде ижарага алып түрк жигити менен чогуу жашаган. Алар 1 жылдан бери сүйүү мамилесин куруп келишкен.


Окуя тууралуу жигити, «Түндө биз ичимдик ичкенбиз , бирок мен эрте эле уктап калгам. Эртең менен туруп анын жамынбай жатканын көрдүм. Буттары муздап калыптыр. Үшүдү го деп үстүн жаап, кайра уктап калыпмын. Түшкү саат 14:00дө ойгондум. Кыздын каза болгонун ошондо гана түшүнүп, полицияга кабарладым», — деп айткан.

Окуя болгон жерге медицина кызматкерлери менен полиция кызматкерлери келишип, кыздын каза болгонун тастыкташкан.


Кыздын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн шаардык моргго жеткирилген. Окуя боюнча шаардык полиция иликтөө иштерин жүргүзө баштаганы кошумчаланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

239