7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда окуп, көптөгөн шаарларды кыдырган кыргызстандык Нуртилек

265

Кыргыздын жигиттери акылдуу келет эмеспи, өзүнүн билимин жакшыртуу үчүн чет өлкөдө окуп, көп шаарларды кыдырып жүргөн 19 жаштагы кыргызстандык Нуртилек Абдибалиев менен маектештик. Ал Түркиядагы жашоосу тууралуу айтып, окуудагы кыйынчылыктарды жана артыкчылыктарды айтып берди.

— Саламатсызбы? Алгач өзүӊүздү тааныштыра кетсеңиз?

— Саламатсыздарбы, атым Нуртилек, мен Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куттурган айылында 2005-жылы жарык дүйнөгө келгенмин. Үй-бүлөдө төрт бир тууганмын. 11-классты аяктап, Түркия мамлекеттинин Самсун шаарындагы “Ondokuz Mayıs”  университетинин Экономика менеджмент тармагында билим алуудамын.

— Негизи Түркияга окууга кантип тапшырып калдыӊыз? Бул өлкөгө баруу кыялыӊыз беле?

— Түркия абдан кооз шаар. Деӊиздер менен курчалып тургандыктан мени өзүнө тартып турчу. Бул өлкөнү көрүү үчүн Түркиядагы ЖОЖдорду издей баштадым. Аларда атайын экзамендер менен алышат. ЖОЖдордун, сынактарына даярдануу үчүн түрк тилин өздөштүрүү керек болгондуктан, атайын тил курстарына окуп, аларды  ийгиликтүү бүтүрүп, натыйжасында Түркияга окууга өттүм.

— Тил үйрөнүү, башка өлкөдө жүрүү сиз үчүн кыйын болдубу ?

— Түрк тили биздин тилге жакын болгон үчүн  кыйынчылык жаратпады, бирок жаӊы келген учурумда элге аралашуу, түрк маданиятына көнүү бир топ  эле кыйынчылык жаратты. Окуу жылы башталганда келгениме байланыштуу түрк тилиндеги айрым сөздөрдүн маанисин түшүнбөй  сабактарда кыйынчылыктар болуп жатты. Ал гана эмес, ар улуттун өкүлдөрү менен окуугандынтан алгачкы айларда тил жагынан түшүнбөстүктөр да болду.

Экзамендери да Кыргызстандыкынан  айырмаланып турат, эгерде сабактан упайың жетпей калса, кийинки жылы ошол сабакты кайра окуп, экзамен тапшырууга туура келет. Мына ошол экзаменден калып калбоога аракет кылып мыкты билим алууга умтулуп жатам.

— Ар улуттун балдары окуйт экенсиздер, дем алыш күндөрү Түркиянын кооз жерлерин көргөнү чыгып турасыздарбы жана кайсы жерлерге бардыӊыздар?

— Ооба, ар улуттун өкүлдөрү менен окуган өтө кызыктуу ,майрам күндөрү улуттар бөлүнүп өздөрүнүн каада-салтын, маданиятын сахнада көрсөтүп таанытып беришет. Университетте жылда турлар болуп турат ,ал турларда Түркиянын ичиндеги шаарларды көрүүгө эс алууга чыгабыз , мен ошол турлар менен Түркия өлкөсүнүн 19 шаарын көрүүгө жетиштим , шаарлардын кооздуктары бири-биринен айырмаланып турат.Ошол шаарлардын арасынан мага өзгөчө Кападокия шаары жакты ,ал жер туристик жер болгон учун кооз шаарлардын катарына кирет . Бирок Кыргызстаныбызга жетпейт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

266