7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
15°C

Түркиянын эң кооз пляждары

383

Түркэгей, Түрк Ривьерасы менен Жер Ортолук деңизинин чок ортосунда жайгашкан Түркия дүйнөдөгү эң кооз пляждардын мекени болуп саналат. Жай бою Түркиянын көк жана жашыл жайылган деңиздерин бойлой эс алуу кишиге өзгөчө ырахат тартуулайт.

Көңүлдүү эс алуу тартуулаган Түрк ривьерасы

Түрк Ривьерасынын чок ортосунда жайгашкан Анталия, Аспендостон Майрага, ошондой эле Сиденден Пергеге чейин көптөгөн тарыхый жерлер, кооз булуңдар, бирюза суулары, тынч айыл-кыштактар жана   спорттук оюндары өтөтурган эң мыкты дестинациялар бар. Бири-биринен кооз пляждары менен атагы чыккан Анталияда көк желек күбөлүгүн алган дагы 231 пляж бар. Анталиядагы айрым пляждардын узундугу 1000 километрге чейин жетет.

Тоо, айыл аралап жайгашкан чакан пляждар да жок эмес. Мисалы, Капуташ… Каш-Калкан жолунун жээгинде жайгашкан Капуташ пляжы ак кумдары жана көгүлтүр деңизи менен кишинин көз жоосун алат. Антальядагы Патара пляжын убактылуу колдонуп турушат.

Миң бир түстүн бирине саякат

Түркиянын эң популярдуу эс алуу жайларынын дагы бири — бул Бодрум. Бодрум Түркэгейде жайгашкан. Тунук деңизи, алтын түстүү кумдары жана кооз булуңдары менен өзгөчөлөнгөн бул локация деңизди сүйгөндөргө эң сонун жай десек жарашат. Бодрумдун борборуна эң жакын жайгашкан пляжы болсо — бул Гүмбет. Гүмбет пляжы көк-жашыл түстүү деңизи менен кишини суктандырат. Бул пляждан кайыкка түшүп, деңизди бир тегерене кыдырып келсеңиз да болот. Ошондой суу спорту үчүн да бардык шарттар түзүлгөн. Муну менен катар Гүмбет пляжында дайвинг клубдар да бар.

Ал эми Bitez Beach пляжы болсо сууда сүзүү жана суу спортунун башка түрлөрү менен машыккандар үчүн эң идеалдуу жер. Bitez пляжы кенен кум аянттары жана кооз жаратылышы менен катар эле көптөгөн кафе жана ресторандар менен да курчалган.

Мындан тышкары Гөлтүркбүкү пляжы да Бодрумда жайгашкан. Гөлтүркбүкү пляжы Бодрумдагы эң жандуу дестинациялардын бири болуп саналат. Люкс шарттарда эс алам десеңиз анда Гөлтүркбүкү пляжына келиңиз.

Түркэгейдин жүрөгү болгон Измир

Чанаккаледен түштүктү көздөй баса берсеңиз, «Түркейгейдин бермети» аталган Измирге жетесиз. Измир жөнүндө сөз болгондо эң алгач шаардын эң популярдуу туристтик жери Чешме эске келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

384