7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын Ички иштер министри Кыргызстанга келди

595

Бүгүн, 8-ноябрда Түркия Республикасынын ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди.  Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Келген меймандарды Манас аэропортунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков жылуу тосуп алышты.

Кечке чейин тараптардын бир катар жолугушуулары белгиленип, Түркиядан келген делегация КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушуусу өтмөкчү.

Тараптардын расмий жолугушуусу ар кыл багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоо максатында өтөт.

Маалыматка ылайык, буга чейин Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен түзүлгөн кызматташуунун алкагында ӨКМдин адистерин тоодо куткаруунун кышкы жана жайкы окуу курстарына, издөө-куткаруу иштерине окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашылган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596