Кыргыз Республикасынын Таэквон-до ГТФ боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Азия биринчилигинде жана Азия чемпионатында жалпысынан 126 медаль (67 алтын, 37 күмүш, 22 коло) жеңишти.
Мелдеш 6-10-октябрь күндөрү өтүп , Кыргызстандын атынан 78 спортчу катышты.
Алтын медалдын ээлери (Азия биринчилиги):
Данияр Максатов (15-17 жаш, 46 кг хьенг, пойнт-стоп),
Арген Анарбаев (15-17 жаш, 40 кг массоги),
Мирбек Сапарбеков (15-17 жаш, 58 кг массоги),
Артем Туркин (15-17 жаш, 70 кг массоги),
Искендер Сыдыкакбаров (15-17 жаш, 76 кг массоги, пойнт-стоп),
Нурсултан Раатбеков (12-14 жаш, 65 кг пойнт-стоп),
Лейсан Аджиходжаев (12-14 жаш, 50 кг массоги, пойнт-стоп, хьенг),
Эмир Эсенаманов (12-14 жаш, массоги, пойнт-стоп),
Нурислам Теимрбеков (12-14 жаш, 55 кг массоги),
Адилет Абдыбеков (10-11 жаш, 34 кг массоги, пойнт-стоп),
Раяна Абыдкадырова (10-11 жаш, 43 кг массоги),
Ислам Эмилбеков (10-11 жаш, +53 кг пойнт-стоп).
Алтын медалдын ээлери (Азия чемпионаты):
Рахимжан Ибраев (82 кг, пойнт-стоп),
Саадат Султанасир кызы (46 кг, массоги).
Курама команда башкы машыктыруучулар Атай Иманаилев жана Аскар Сыдыкакпаров, машыктыруучулар Бексултан Эрнисов жана Жоомарт Темирбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.