7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тайчабаров: Чек арага чектөө кирген үчүн өчөшүп, эл аралык наркомафия кол салды

5239

Журналист Кудрет Тайчабаров фейсбук баракчасына Баткен чек-арасындагы эки тараптуу ок атышуунун келип чыгуусу боюнча «Согуштун чыгышына кыскача анализ» аталышында макаласын жарыялады. Текстти өзгөртүүсүз сунуштайбыз.

Согуштун чыгышына кыскача анализ:

Баткендик туугандар, өзгөчө чек арада жашагандар жакшы билет. Акыркы мезгилде контрабанда токтоп, Тажикстанда мисалы бензин 1 долларга чыгып кеткен. А эң негизги контрабанда бул Афганистандан чыккан наркотрафик Тажикстандан келип Баткенден кирип Россия, Европа өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн маршрут болчу. Ошол схеманы бууп койгону үчүн кыргыз бийлигине өчөшүп эл аралык наркомафия кол салып атат. Куралды чиновниктердин таратып жатканы да ушул. Интернеттен карап көргүлө Тажикстанда чоң кызматтагы чиновниктер канча жолу наркобизнеске аралашкан фактыларын көрөсүңөр. Аскердик машыгууларды чогуу өткөрүп, курал берип тиги жактан пардан берип аткан “сарылардын” чоңу да бул маршрутка кызыкдар. Ошол маршрутту бууган үчүн кыргыздарга артын салып, нелегалдар чыгарылат, бизде иштеп табылган акчалар бизден коротулат деп атканы кыргыз бийлигинин эрктүү кадамына кылган таарынычы. Ошол эле учурда жамшуттарга мигранттарын легалдаштырганга убакыт берди, кошумча арзан авиарейстерди ачып берди. Евровиденияга тажик кызын жиберип жатышат. Өзүнө тартуу аракетин байкап аткан жоксуңарбы?
Үчүнчү күчтөр деген ушул бир нече мамлекеттин жетекчилери аралашкан наркомафия! Ошонун жолун бууп салган Садыр менен Камчы эркек экен дей турган жерде болушунча боктоп атасыңар! Азыркы учурда бийликти сындаган популисттер — өлкө душмандары. Алардын Россияда тажикке тийип алып кыргызды жамандаган Асельден бир тыйын айырмасы жок.
Баса, өлкө душмандары демекчи, жакында бийлик Кумтөрдү мамлекетке кайтарат. Кумтөр болушунча чыйпылыктап азыркы бийликти алып түшкөнгө аракет кылып, маалымат каражаттарына, блогер, журналисттерге акча төлөп бийликти жамандаттырып отурат. Ким эле алтын жумуртка тууган тоогунан айрылгысы келет? Сапарды алып келебиз деген маалымат да чын. Себеби силер жамандап аткан Садый Сапайга окшоп Царьга талтайып бербей койду. Мурунку президенттерге караганда шымды татыктуу кийип атат. А Царьга элин ойлобой жерин Кытайга сатып ийген Эмомалиге окшогондор, музейден, ТЭЦтен да жеп ийген, акчаны сүйгөн Сапайга окшогондор керек.
Садыр Жапаровдун колунда атайын кызматтардын маалыматтары бар. Баткендеги кол салууга чек ара кызматынан башка күчтү колдонсо, анда согуштун масштабы чоңоюп кетип, миңдеген адамдар өлөт. Чек ара кызматынын милдети чек араны кайтаруу. Ошондуктан алардан башка эчкимди аралаштыра алышпайт. Эгер башка күчтөрдү тартсак, Царь жамшуттарга абадан жардам берет. Көрөм ошондо мобилизация боло калат элек, кыйратып иет элек деп жулунуп аткандарды. Кумурсканы тебелегендей эле кырып ийишмек. 2 ход вперед ойлонуп, бул провокацияга алдырышкан жок. Болбосо, Ташиев кандай чоң муштум экенин билесиңер. Барбалаңдап өзү курал көтөрүп жөнөмөк. Бул конфликтте тажик тарап жана эл аралык мафия күнөөлү экенин Эл аралык уюмдардын, өнүккөн өлкөлөрдүн башчылары атайын кызматтар берген маалыматтардан көрүп эле турушат. Эртең Кыргызстанга с уважением мамиле кыла башташат. Тажик бийлигине айып тагылып, айыпка жыгылат. Эли нааразы болуп өзү эле сазайыг берет тиги алжыган чалдын. А биздин жетекчилер элин сактап калыш үчүн шахматтагыдай туура жүрүш жасады. Провокацияга алдырышпады, наркомафиянын жолун бууй алды. Үчүнчү күчтөр деген ушулар. Сүрөттү карасаңар, согушуп аткандар катардагы карапайым тажиктер эмес, наркомафиянын очогунан күн көргөн торпедалар экенин түшүнөсүңөр.
Бийлик деген бийлик. Алар бүт абалды ачык айта албайт. Ачыкка чыгып алса пландары өлөт. Андыктан, сабыр кылып туралы, бийликте жалгыз Садыр менен Камчы отурган жок. Ал жерде канча жылдан бери өлкөсүнө кызмат өтөп келген патриот адистер бар. Алар деле бирдеме билет. Фейсбуктагылардын акылы жеткен жерге ошол адистердин башы жетпесе, ошончо жыл иштешпейт эле ошол жерде.
Албетте бул окуяда бейкүнөө одүйнө узаган мекендештерибизге жүрөк тилинет. Бирок, булардын өлүмү миңдеген башка мекендештердин өмүрүн сактап калды. Көзү өткөн мекендештерибиздин баары рамазан айында эл-жерин коргоп өткөн баатырлар катары шейит кетишти. Жараткан бейишин берсин!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5240