7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов иш сапары менен Москвага барат

251

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов 6-8-декабрь күндөрү Москвада иш сапары менен болот. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.


Талант Мамытов Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болоору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Россиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.


Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы — КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.


Эскерте кетсек, Төрага баштаган делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

252