22-апрелде Талас районунун аймагында катуу жааган жаандан катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иштерди өз убагында аткаруу үчүн район аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.
Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылын, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылын жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1 көпүрө жабыркаган.
Учурда ӨК катталган аймактарда Талас райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.