7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас шаарында 5 кабаттуу университеттин кампусу курулууда

237

Талас шаарында Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана тапшырмасы менен заманбап беш кабаттуу университеттик кампустун курулушу уланууда. Бул тууралуу КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев билдирди.

Маалым болгондой, курулуш иштерин 2026-жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөө алкагында аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.

Жаңы кампус студенттер үчүн заманбап билим берүү шарттарын түзүп, илимий изилдөө жүргүзүүгө жана кесиптик жактан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Адистердин айтымында, бул долбоор Талас облусунда жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатып, аймактын илимий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

238