7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 30 тоннадан ашык контрабандалык күйүүчү май кармалды

560

Талас облусунда күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз ташып бара жаткан оор жүк ташуучу (бензовоз) унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, күйүүчү май ташуучу унаа Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайынан кармалган. Жүктүн жалпы көлөмү 30 тоннадан ашык болгон.

Учурда, тиешелүү экспертизаларды дайындоо менен иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

561