7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
37°C

Таласта тигүү фабрикасын курууда мамлекетке 7 млн сомдук зыян келтирилген

241

Талас шаарынын мэриясынын жана Талас облусун өнүктүрүү фондунун жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган фонддун кызмат адамдары тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы байкоочу кеңеши Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери жана максатка ылайыктуулугу боюнча корутундулары жок. Жалпы суммасы 82 миллион сомдук долбоорду мыйзамсыз жактырып, долбоордун иш жүзүндөгү наркын жасалма түрдө жогорулатып бекитип берген. Анын бир бөлүгү 25 миллион сом “Ника KG” ЖЧК курулуш уюмунун эсебине мөөнөтүнөн мурда которулуп берилгени аныкталды.

Ошону менен, тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилген.

Учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

242