7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талибдер Афганистандагы 20 жылдык согуштун аяктаганын жарыялады

793

Талибан (Орусияда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган топ) Афганистандагы 20 жылдык согуштун аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Мухаммед Наим “Аль-Жазира” каналына берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, Афганистанды башкаруу жолдору жакынкы убакытта белгилүү болот.

«Өлкөбүздүн эркиндиги жана элибиздин көз карандысыздыгына жеттик. Биздин жерди кимдир бирөөгө кол салуу үчүн колдонууга жол бербейбиз жана башкаларга зыян келтирүүнү каалабайбыз. Биз афгандыктардын бардыгы менен сүйлөшү жүргүзүүгө жана аларды коргоого кепилдик беребиз. Биз ар бир кадамыбызга жоопкерчилик менен карайбыз жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык нерсени жасайбыз», — деди ал.

Кабарчылардын маалыматы боюнча, «Талибандын» куралчан согушкерлери полициянын, афган өкмөтүнүн автоунаалары менен көчөлөрдө көзөмөл жүргүзүп жатат. Ал эми «Талибандын» өкүлү Кабулда абал тынч экенин, талибдер коопсуздукту камсыздап жатканын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

794