Кечээ, 25-январда Кыргызстандын “Ак шумкарлары” менен Омандын курамасынын беттеши өттү. Эки команда тең чыгып, Азия Кубогунан четтеп калды. Кыргызстан эсеп сандарды 1:1 кылып теңөө менен Индонезиянын командасын кийинки баскычка өткөрдү.
Беттештен кийин Кыргызстандын курамасынын машыктыруучусу Штефан Таркович комментарий берип, оор беттеш болгонун белгиледи.
«Тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз дагы эле бар болчу. Биз эки гол айырмасы менен жеңишке жетсек, кийинки баскычка чыкмакпыз. Баарына белгилүү болгондой, турнирдин алдында биздин курамда көйгөйлөр болду, даярдык учурунда үч негизги оюнчу жаракат алып калган. Бүгүнкү беттештен болсо эки оюнчу четтетилип, Бекжан менен Кайрат физикалык жактан даяр эмес болуп калды»,- деди ал.
Ошондой эле, Кыргызстан курамасы менен иштеген убакыттын аралыгында кандай жыйынтыктар болгонун айтып өттү.
«Мен курама менен жарым жылдан ашык иштеп жүрөм. Команданы жетектей баштагандан бери анда чоң өзгөрүүлөр болду. Мен үчүн оюнчуларды жакындан таануу абдан маанилүү. Команда менен үзгүлтүксүз иштешкен 50 күндүн ичинде кыргыз футболчуларынын менталитети жөнүндө көбүрөөк билдим деп айта алам. Биз турнирге кылдаттык менен даярдандык. Бирок, мен Таиландга каршы оюнубуз менен абдан нааразы болдум. Ал оюн абдан начар болуп калганы мени абдан капалантат. Бирок, акыркы эки беттеште биз өзүбүздүн оюнубузду көрсөтө алдык. Айып аянтчаларда чечим кабыл алуунун үстүнөн иштешибиз керек. Кантсе да команда бул турнирдеги оюнчулардын курагы боюнча эң жаш курамалардын бири болду. Курам күчтөнөт, бирок бул үчүн көбүрөөк убакыт жана чыдамдуулук зарыл. Бул команда 2-3 жылдан кийин эң мыкты көрсөткүчтөргө жана ийгиликке жетет деп ишенем. Ал эми, команда менен келишим 2024-жылдын июнь айына чейин ылайыкталган. Мен курама менен калып, аларды тандоо оюндарына даярдайм деп ишенем. Бул турнирде тайпадан чыгуу максатына жеткен жокпуз. Кантип ойногонубузду, дагы кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экенин салыштыруу керек»,- дейт Таркович.
Биринчи таймда оюн жакшы жүрбөй жатты, бирок экинчи бөлүктө оңоло баштады, кандай тактикалык өзгөрүүлөр орун алды?
«Биз бурчтан чыгарылган топтон гол өткөрүп жибердик, ага жооп кайтаруу зарыл эле. Экинчи бөлүктө көп нерсени, оюнга болгон стратегияны өзгөрттүк. Биз көбүрөөк чабуулда ойноого аракет кылдык. Ооба, бул кооптуураак болду жана коргонууда көйгөйлөрдү жаратты, бирок бизде башка арга жок болчу. Жолубуз болбоду, биринчи голубуз, тилекке каршы, VAR-дын жардамы менен жокко чыгарылды, Фархаттын соккусу да штангага тийип калды. Биз оюнубузду дагы жакшыртабыз»,- деп жыйынтыктады.