Камчыбек Ташиев апасына жардам кылууну суранып ыйлаган кызга велосипед менен оюнчук белек, ал эми апасына 200 миң сом акча берди.
Буга чейин кыз ыйлап Камчыбек Ташиевдин жанына барып апама жардам бериңиз деп суранган.
Кыздын апасы селден жабыркаган Оштун борбордук базарында соода кылат. Эки кызды тарбиялап жаткан жалгыз бой эне сел анын 600 миң сомдук товарын азыгып кеткенин айткан.